ИНФЕКЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:26, 8 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНФЕ́КЦИЯ (лат. inficio – зыян келтирем, жуктурам) – адамдын же айбанаттын организмине патогендүү (оору козгоочу) мите­нин ки­риши ж-а көбөйүшү. Организмге кирген инфекция коз­гогучу бир органда же тканда кармалат. Мисалы, эволюциялык процессте котур кенеси теринин эпителий катмарына, баш келте козгогучу кан тамыр кап­талына, грипп вирусу дем алуу жолдорунун былжырлуу челине мителик кылууга ыңгайлаш­кан. Организмге мите киргенде мите м-н орга­низм ортосунда инфекциялык процесс жүрөт. Инфекциянын бул же тигил түрүнүн пайда болушу козгогуч­тун касиетине, организмдин абалына, ооруну кабыл алгычтыгына жараша болот. Патогендүү микроорганизмдердин кээ бирлери ар кандай жа­ныбарларды ылаңдатат, көбү жаныбардын ай­рым түрүнө гана мителик кылат. Инфекция козгогуч­тун түрүнө жараша бактериялык, вирустук, мите козу карындык, риккетсиялык ж. б. болуп бөлүнөт. Ал катуу кармаган, өнөкөт же инфекция алып жүрүүчүлүк түрүндө билинет. Инфекция булагы – оору­луу же козгогучту алып жүрүүчү организм. Иче­ги-карын ооруларынын (дизентерия, ич келте ж. б.) козгогучу заң, заара м-н бөлүнөт, тамак­ аш м-н; дем алуу жолдорунун ооруларынын козгогучу чүчкүргөндө, жөтөлгөндө, сүйлөгөндө, дем алганда аба аркылуу жугат. Баш келте, безгек ж. б. ооруларда козгогуч мителик кыл­ган кан соргуч курт-кумурска (бит, бүргө, чир­кей) аркылуу тарайт.

Д. Раимбеков.