ИНТОНАЦИЯ (көтө­рүңкү сүйлөө)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:22, 2 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page ИНТОНАЦИЯ to ИНТОНАЦИЯ (көтө­рүңкү сүйлөө)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНТОНА́ЦИЯ (лат. intonatio – сүйлөө, көтө­рүңкү сүйлөө) – тилдик татаал кубулуштурдын бири, башкача айтканда морфологиялык ж-а синтаксистик каражат­тар м-н бирге колдонулган түрдүү фонетикалык бирдик­тер. Интонациянын фонетикалык бирдиктери: обондуулук, ыр­гактуулук, кубаттуулук, ыкчамдык, тембр ж-а басым. Грамматикалык милдети боюнча жалпысынан су­роолуу, илептүү ж-а жай интонация болуп бири-бири­нен айырмаланат. «Интонация» ушул күнгө чейин толук изилдене элек. Бирок «интонация» оозеки речтин (сөздүн) анык белгиси ж-а мүнөздөмөсү. Ансыз оозеки сөздүн айтылышы мүмкүн эмес. Анткени «интонация» айтылуучу ойду ар түрдүү ички сезим м-н толук ж-а кылдат билдирүүдө өзгөчө роль ойнойт.