ИНСБУРК
И́НСБУРК – Австриянын түндүк-батышындагы шаар. Тироль жеринин (административдик-аймктык бирдик) административдик борбору. Альп тоолорундагы Бреннер ашуусуна жакын, Инн дарыясынын боюнда жайгашкан. Калкы 132,1 миң (2024); шаар айланасы м-н 250 миң; калкынын саны боюнча өлкөдөгү 5-шаар. Ири жол тоому. Австриянын батыш «көпүрөсү». Автобандар ж-а темир жол магистралдары аркылуу Мюнхен, Цюрих, Вена (Зальцбург – Линц аркылуу), Венеция (Больцано – Тренто) м-н байланышат. Эл аралык аэропорту бар. 1234-жылдан белгилүү. Текстиль, электр-техника, химиялык-фармацевтика, металл иштетүү, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт. Көркөм промысели (мозаика, айнек, металл буюмдар), кол өнөрчүлүк (белек буюм) өнүккөн. Туризмдин ж-а спорттун кышкы түрлөрүнүн борбору. 1964-жылы IX, 1976-жылы XII Олимпия оюндары өткөрүлгөн. Университет (1669), музейлер [Тироль край таануу «Фердинандеум» музейи, эл чыгармачылыгы] бар. Габсбургдардын Хофбург ак сарайы (14–18-кылымдар), Хофкирхе чиркөөсү (1553–63), Ыйык Анна колоннасы (1706), Ландхауз (1725–28) монастыры ж. б. сакталган. Европа музыка маданиятынын борборлорунун бири. Жыл сайын музыка фестивалдары, П. Хофхаймер атындагы органчылардын эл аралык конкурсу өткөрүлүп турат.