КАЛМАК ТИЛИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:03, 27 Август (Баш оона) 2025 карата Батма (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛМАК ТИЛИкалмактардын тили. Моң­гол тилдеринин тобуна кирет. Ал торгут, дер­бет жана бузав айтымдарына бөлүнөт. Калмак тили Астра­хань, Ростов, Волгоград облустарына, Ставро­поль крайына тараган. Калмак тилине кыска жана созул­ма үндүүлөр мүнөздүү, 8 жөндөмөсү бар. Калмак­тар 17-кылымдын ортосуна чейин моңголдордун тик (вертикаль) жазуусун пайдаланышкан, 1648-жылы ал зая-пандит жазуусу менен алмашкан. 1924-жылы орус алфавити киргизилген. 1931–38-жылдары латын алфавити колдонулган. 1938-жылдан кайра орус алфавитине өткөн. 1992-жылдан Калмак тили орус тили менен катар мамлекеттик тил болуп саналат.