ИНКУБАТОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:45, 8 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНКУБА́ТОР (лат. incubatio – жөжө чыгаруу) – куш жумурткасынан жөжө чыгаруучу аппарат. Секциялуу, бөлмөлүү ж-а шкафтуу инкубаторлорго бөлүнөт. Тропик өлкөлөрүндө жылууланган идиш, меш ж. б. түрүндөгү жөнөкөй инкубаторлор ил­гертен эле белгилүү болгон. Алгачкы инкубатор 19-кылымда Европада ж-а АКШда чыгарылган. СССРде инкубатор 1928-жылдан жасала баштаган. Инкубатордо туруктуу режим сакталып, жумуртканын 95%тейинен жөжө чыгат. Анда температура, нымдуулук, жумурт­каны которуштуруу ж. б. процесстер автомат­тык түрдө башкарылат. Инкубатордун негизги бөлүктө­рү: корпус-термостат; ал айрым үч же алты инкубациялык камерадан турат, ар бир камера ав­тономдуу электр аппараттары м-н жабдылган, ал камераны автоматтык түрдө жылытып, жел­детип, нымдуулукту текшерет; камераны жыл­дырып туруучу механизмдер; жылытуу систе­масы; ным ж-а аба алмаштыргыч; муздаткыч; башкаруу ж-а электр м-н жабдуу механизмде­ри. КМШ өлкөлөрүндө үй куштарынын бардык түрүнүн жумурткасын инкубациялоочу «Универ­сал», «Кавказ», «Рекорд» сериясындагы инкубаторлор чыгарылат.