КАМЫШ-БАШЫ (Сузак районундагы кыштак)
КАМЫШ-БАШЫ – Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы кыштак. Сузак айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 750 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыштагынан 7 км түндүк тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 12 км. Калкы 1001 (2009); негизинен дыйканчылыкта эмгектенип, мал багат. Негизги мектеп бар.