КАМЧАТКА КРАЙЫ
КАМЧА́ТКА КРАЙЫ – Россия Федерациясынын
субъектиси. Россиянын Азия бөлүгүнүн эң четки чыгышында, Камчатка ж. а-нда жайгашкан. Батышынан Охота, чыгышынан Беринг деңиздери ж-а түш.-чыгышынан Тынч океан м-н чулганат. Крайдын аймагына Командор ж-а Карагие а. да кирет. Ы. Чыгыш федерация округуна карайт. Край 2007-ж. 7-июлда Камчатка обл. м-н Коряк автономия округунун биригишинен түзүлгөн. Аянты 464,3 миң км2 (а. и. округдуку 292,6 миң км2). Калкы 347 миң (2007; округда
23,0 миң). Адм. борбору – Петропавловск-Камчатский. Адм.-айм. жактан 11 районго (округда 4), 3 шаарга, 6 шаарчага (2) бөлүнөт.
К. к-нын аткаруу органынын мамл. бийлигинин структурасы РФтин ж-а К. к-нын мыйзамынын негизинде губернатор тарабынан аныкталат.
Калкынын негизин орустар (80,9%) түзөт, о. эле коряктар (2%), ительмендер (0,6), камчадалдар (0,5), эвенктер (0,5), чукчалар (0,4), алеуттар (0,1), украиндер (5,8), беларустар (1), татар-

лар (1), корейлер (0,5), чуваштар (0,4), азерилер (0,4), армяндар, башкырлар, молдавандар, немистер жашайт. Калкынын орт. жыштыгы 1 км2 жерге 0,7 киши. Шаар калкы 79,6%. Ири шаарлары: Петропавловск-Камчатский, Елизово, Вилючинск.
Край Азиянын эң четки түн.-чыгышында, негизинен Камчатка ж. а. (1/ бөлүгүнөн көбүрөөгү) м-н Коряк бөксө тоосунун чегинде жайгашкан.
Деңиз жээктери – дүйнөдөгү балыкка бай райондордун бири. Экол. абалы б-ча Россиядагы эң жагымдуу край. Крайдын табигый ландшафты – эң кооз. Рекреациялык ресурстары ар
түрдүү. Ошондуктан аймагынын 7%и бальнеология ж-а туризм үчүн бөлүнгөн. Атм-рага абаны булгоочу заттардын бөлүнүп чыгуусу анча көп эмес. Жалпы коргоого алынган табигый аймагы 5,6 млн га, деңиз акватория коругу 3,8 млн га. Кроноцкий, Командор, Коряк коруктары, Түш.-Камчатка заказниги, 5 табият паркы, 140тан ашык табият эстеликтери бар. Крайдын коргоого алынган 5 табигый аймагы «Камчатка жанар тоолору» деген ат м-н Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. К. к-нан табылган археол. эстеликтер соңку палеолит дооруна таандык.
Край Ы. Чыгыш экон. районуна кирет. Ө. ж. продукциясынын көлөмү а. ч. продуктусунун көлөмүнөн 5,8 эсе жогору. Деңиз биоресурстарына (балыктын промыселдик түрлөрү, камчатка крабы) бай экендиги м-н башка крайлардан айырмаланат. Россияда баалуу металлдарды (алтын, платина) казып алуунун көлөмү б-ча да алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Экон. активдүү калкы 205 миң (а. и. 13 миңи округда;

2006). Анын 90%и экономика жаатында эмгектенет. Ө. ж-нын көлөмү 23,6 млрд рубль, анын 51,5%ин (округда 28,8) өндүрүш, электр энергиясын бөлүштүрүү, газ м-н суу түзсө, 36,5%ин (23,2%) кайра иштетүүчү ишканалар, 11,2%ин (48,0%) кен байлыктарды казып алуу түзөт.
Энергетика – крайда эң негизги тармактардын
бири. ЖЭБдер (Петропавловск-Камчатскинин кубаттуулугу 395 МВт), кичи ГЭС каскаддары иштейт. Геотермиялык энергетика өнүктүрүү долбоору даярдалууда. Елизово р-нунда жылуулук м-н камсыз кылууда термиялык суулары пайдаланылат. Түстүү металлургия (алтын, күмүш), машина куруу (негизинен кеме курууга ж-а ремонттоого адистешкен), токой, жыгаччылык (негизинен жыгач беленделет; о. эле чоң форматтагы ж-а жылмаланган фанералар) ө. ж. ишканалары иштейт. Балык кармалып беленделет (2006-ж. 350 миң T треска, 115 миң T лосось ж. б.). Ири ишканалары: «Океанрыбфлот»,
«Камчатрыбпром», «Акрос» (баары Петропавловск-Камчатскийде). Ири балык з-ддору иштейт. Сырткы соода жүгүртүүсү 201,2 млн АКШ долларын (2006;) түзөт; анын 144,0 млну экспорттон түшөт. Негизинен балык продуктусу, кара металл экспорттолот. Машина куруу, металл иштетүү, хим. ө. ж. үчүн продукциялар импорттолот. Негизги соода шериктери: Корея Респ., Япония, АКШ, Кытай.
Табигый-климаттык шартынын өзгөчөлүгүнө
байланыштуу а. ч. жакшы өнүккөн эмес. А. ч. продукциясынын көлөмү 4097 млн рубль. Крайдын жеринин 0,2%и гана а. ч-га жарактуу. Анын 50%ин айдоо аянты (округда 0,1%тен аз) ээлейт. Жылыткычтарда жашылча өстүрүү өнүккөн. Картөшкө да айдалат. Бодо мал, чочко асыралат. Үй куштары багылат. Капаста кармалган айбанаттар, бугучулук өнүккөн. Аймактын рекреациялык ресурстары (өчкөн ж-а аракеттеги жанар тоолор, ысык ж-а муздак минералдуу суулар, гейзерлер) туризмдин өнүгүүсүнө түрткү болууда. Автомобиль жолунун уз. 1694 км (а. и. округда 130 км). Деңиз жолдору да өнүккөн. Негизги соода порттору: Петропавловск-Камчатский, Усть-Камчатск ж. б. Крайда 120дан ашык орто мектеп, 10 коллеж ж-а лицей, китепканалар, музейлер (а. и. этногр., саясий география, край таануу ж. б.), А. ч. ИИИ, гидрофизика, космофизика изилдөө ин-ттары, эл аралык аэропорту бар.
Ад.: Аров В. Н. Административно-территориальное управление Камчатским краем (1691–1917 гг.) //Вопросы истории Камчатки. Петропавловск-Камчатский, 2007. Вып. 3; Теория и практика научных исследований в рыбохозяйственной отрасли Камчатки. Петропавловск-Камчатский, 2007; Камчатский край
// Большая Российская энциклопедия. Т. 12. М.,
2008.
Р. Карачалова.