КАМЧАТКА (жарым арал)
КАМЧА́ТКА – Азиянын түн.-чыгышындагы жарым арал. Россиядагы аянты б-ча Таймырдан кийинки 2-жарым арал. Батышынан Охота деңизи, чыгышынан Тынч океан ж-а Беринг деңизи м-н чулганат. Түн., түн.-чыгыштан түш.- батышты карай 1200 км аралыкта созулуп жатат. Туурасы 450 кмге чейин. Аянты 370 миң км2. Кууш (100 кмге чейин) Параполь мойногу аркылуу материк м-н туташат. Чыгыш жээги

булуң-буйткалуу (ири булуңдары: Кроноцкий, Камчатка, Корфа ж. б.), батышы тегизирээк. Жарым аралдын борб. бөлүгүндө жарыш жаткан кырка тоолор (Ортолук ж-а Чыгыш) созулуп жатат. Алардын аралыгында Борб. Камчатка ойдуңу жайгашкан. Ойдуң аркылуу Камчатка д. агат. К-да 160тан ашык жанар тоо бар, алардын аракеттегиси 29; а. и. Евразиядагы эң бийик жанар тоо – Ключи сопкасы (бийикт. 4750 м). «Камчатканын жанар тоолору» Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Ысык булактар көп, 100дөн ашык гейзер бар (эң ирилери Гейзерлер өрөөнүндө). К. тектон. жактан альп бүктөлүшүнө кирет. Палеозой, мезозой ж-а кайнозой замандарынын геосинклиналдык комплекстери таралган. Көмүр, алтын, күмүш, сымап, полиметалл ж. б. кендери бар. Минералдык (көмүр кычкылдуу, азоттуу ж. б.), термиялык (суусунун темп-расы 100°Сге жеткен) суу булактарына (гейзерге, кайнар көлдөргө, баткактуу жанартоолорго ж. б.) бай, алар негизинен Чыгыш кырка тоосунда жайгашкан. Климаты түштүгүндө деңиздик, борборунда ж-а түндүгүндө мелүүн континенттик. Февралдын орт. темп-расы батышында –15°С, чыгышында 11°С, борб бөлүгүндө –16°С; августтуку ошол эле тартипте 12°С, 12,5 ж-а 16°С. Жылдык жаан-
чачыны 600дөн 1100 ммге чейин. Мөңгүлөрүнүн жалпы аянты 866 км2. Ири дарыялары: Камчатка, Авача, Чоң дарыя, Ича ж. б. Көлдөрү көп, алардын айрымдары кратерлерде (Хангар ж. б.) ж-а жанартоо кальдераларында (Кроноцкий, Курил ж. б.) пайда болгон. Көп бөлүгүн чымдак-күл топурактуу кайың ж-а ийне жалбырактуу токой ээлейт; тоо капталдарына жапалак кедр, оёңдоруна шалбаа, түндүгүнө мамык чөптүү тундра мүнөздүү. Кроноцкий коругу бар. Жарым арал – Россиянын балык ө. ж-нын негизги борборлорунун бири. Батыш жээги – краб кармалуучу негизги район. Камчатка д. аркылуу кеме каттайт. Негизги порттору: Петропавловск-Камчатский, Усть-Камчатск. Елизово ш-нда эл аралык аэропорт бар.
Ад.: Кащинцев Б. Камчатка сегодня и завтра. Петропавловск-Камчатский, 1970; Мильков Ф. Н., Гвозоецкий Н. А., Михайлов Н. Н. Физическая география
СССР. Ч. 1–2. М., 1969–70; Развитие возобновляемых
источников энергии в России: возможности и практика (на примере Камчатской области). М., 2006; Камчатский край // Большая Российская энциклопедия.
Т. 12. М., 2008.