КАМЧАДАЛДАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:00, 29 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАМЧАДАЛДАР – Камчатканын жергиликтүү калкы. Саны 2,3 миң киши, анын ичинде 1,9 миңи Камчатка­да, 314ү Магадан облусунда, 132си Коряк автоно­мия округунда жашашат (2002). Орус тилин­де сүйлөшөт. Камчадалдар 18–19-кылымдарда Камчатка жарым аралына көчүп келген орустар м-н аралашып кеткен Кам­чатка ж-а Магадан облустарынын жергиликтүү калкынын (ительмендер) тукумдары. Камчадалдар балык уулоочулук ж-а аңчылык м-н кесиптенишип, багыш өстү­рүшөт. Тамак-ашы – негизинен балык азыкта­ры. Камчадалдардын салттуу маданиятыты ительмендердикине жакын. Улуттук майрамы – Алхалалай.