КАМПАЛА
КАМПА́ЛА – Уганда Республикасынын борбору, шаар. Борбордук облусунун административдик борбору. Виктория көлүнүн түндүк жээгине жакын, деңиз деңгээлинен 1300 м бийикте жайгашкан. Калкы 1,5 млн (2008; өлкөдөгү эң ири шаар). Эл аралык аэропорту бар. 1890-жылы негизделген. 15-кылымда Буньоро королдугунун курамына кирген; 1905-жылга чейин Британия колониялык администрациясынын резиденциясы болгон. 1949-жылдан шаар статусуна ээ. 1962- жылдын апрелинен Уганданын борбору (Энтеббе шаарынан кийин). Тамак-аш–татымал, текстиль, металл иштетүү өнөр жай ишканалары иштейт. Университет (1970, улуттук), илимий мекемелер (анын ичинде Уганда коому ж. б.), институттар (айыл чарба ж-а мал чарба продукциясын изилдөөчү, Чыгыш Африка региондук), калк китепканасы, археологиялык изилдөөлөрдүн борбору, музей (Африка музыкалык аспаптарынын кайталангыс коллекциясы сакталган), театрлар бар. Архитектура эстеликтеринен Рубага собору, Буганда королдорунун күмбөздөрү сакталган.