КАМПА
КАМПА – дан эгиндери же башка азык-түлүк, буюм-тайым сакталуучу атайын имарат. К-нын ичи бир нече бөлмөлөргө бөлүнүп, анда буудай, арпа, жүгөрү ж. б. эгин өзүнчө сакталат. Көбүнчө дан эгиндеринин бир түрү (буудай же арпа ж. б.) сакталуучу К-лар (ичи бөлүнбөгөн) көп пайдаланылат. К-да а. ч. шаймандары, химикаттар да өзүнчө сакталат. Азыр «К.» түшүнүгү кеңейип, сакталуучу азык-түлүк түрүнө жараша дан сактагыч, картөшкө сактагыч, жашылча сактагычтар ж. б. пайда болду.