КАМИКАДЗЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:23, 29 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАМИКА́ДЗЕ (япончо Кудай шамалы) – япо­ниялык учкуч-жанкечтилер. Камикадзе экинчи дүйнөлүк согушта (1939–45) душман кемелерине каршы колдонулган.

Эң биринчи камикадзе 1944-жылы 16-ноябр­да учуп чыккан. Колдонулган бардык мезгилде камикадзе айдаган 5 миңден ашык самолёт учурулуп, алар 45 аскер кемесин чөктүрүп, 300үн катардан чыгарышкан. Бул максатта адегенде эски само­лёттор (жарылгыч заты 1600 кгга чейин) кол­донулса, 1944-жылы ноябрдан атайын «Накадзи-

ма» КИ-115 самолёту, «Ока» («Чие гүлү») сна­ряд самолёту (2 т га чейин) чыгарылган. Само­лёт чектелген радиуста учкан. Согуш учурунда 2500дөн ашык учкуч-жанкечтилер каза болгон.

Ад.: Лейко О. Ю. Камикадзе. М., 1989.