КАМЕРТОН
КАМЕРТО́Н (нем. kammer – бөлмө, тон – добуш) – дирилдек учтары добуш чыгара турган ийме жаактуу металл. К. муз. аспаптарды күүгө

келтирүүдө ж-а ырдоодо үн бийиктигинин эталону катары кызмат кылат. К. көбүнчө 1-октаванын «ля» нотасында колдонулат. Ырчылар м-н хор дирижёрлору 2-октаванын «до» нотасында да пайдаланышат. 1858-ж. Париж ИА 435 Гц жыштык К-ду сунуш кылган. 1885-ж. Венада өткөн Эл аралык конф-яда бул жыштык добуштун эл аралык эталону катары кабыл алынган. Кырг-нда 1936-жылдын 1- январынан К-дун 440 Гц жыштыктагы үлгүсү колдонулат.