КАМЕНСКИЙ КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:08, 28 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАМЕ́НСКИЙ КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ Ысык-Көл районунда, Ананьев кыштагынан 6 км түндүктө, де­ңиз деңгээлинен 1648–1701 м бийикте. 1984-жылы чалгын­далган. Кен Чоң Байсоорун суусунун өрөөнүндө жайгашып, өзөндөгү аллювий катмарынан тү­зүлгөн. Пайдалуу катмар 36% сайташ, 45% ша­гыл, 19% кум кошундусунан турат. Чалгындал­ган калыңдыгы 10 м. Шагылда интрузия текте­ри 89%ке жетет. Кум-шагыл курулушта, жол курууда пайдаланылат. 1997-жылга карата ба­ланстагы запасы: А – 66 миң м3, В – 670 миң м3, С – 1339 миң м3.