«КАМБАРКАН» ЭТНОГРАФИЯЛЫК-ФОЛЬКЛОРДУК АНСАМБЛИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«КАМБАРКАН» ЭТНОГРАФИЯЛЫК-ФОЛЬКЛОРДУК АНСАМБЛИ Ч. И с а б а е в атн. – муз. коллектив. 1987-ж. Кыргыз мамл. филар­мониясынын алдында уюшулган. Ансамбль КРдин Токтогул атн. мамл. сыйл. лауреаты (2002). 1997-ж. Ч. Исабаевдин ысмы берилген. Ансамбль комуз, кыл кыяк, сурнай, керней,

жылаажын, сыбызгы, темир ж-а жыгач ооз комуз, аса таяк, зуулдак, дирилдек, добулбас, чоор, чопо чоор, доол ж. б. элдик муз. аспап­тардан турат. Аларды КРдин иск-восуна эмг. сиң. ишмер, уста О. Кенчинбаев жасаган. Ан­самблдин негизги репертуарын комузчулар М. Күрөңкөев, К. Орозов, Ы. Тумановдун, обон­чулар Б. Эгинчиев, Ж. Шералиев, М. Баетов, А. Огомбаев, К. Тагаев, Р. Абдыкадыров ж. б-дын чыгармалары түзөт. Ансамблдин коштоосун­да С. Садыкова, Н. Абдрахманов, Б. Шатенов, Д. Кангелдиева ж. б. ырчылар концерт тартуу­лап турушат. 1993-жылдан ансамблдин көр­көм жетекчиси Э. Жумабаев, дирижёру КРдин иск-восуна эмг. сиң. ишмер Р. Жумакунов. Ан­самблге 2000-ж. Германияда өткөн Бүткүл дүй­нөлүк ЭКСПО – 2000дин алтын медалы ыйга­рылган. КМШ өлкөлөрүндө, Түркия, Япония, Франция, Кытай, Германия ж. б. гастролдо бол­гон.