КАМАШЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:29, 28 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАМАШЕВ Билаш (25. 3. 1927, Чүй району, Чым-Коргон кыштагы – 9. 5. 1990, Бишкек) – геолог, Кыргыз ССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1980). Моск­ва геологиялык чалгындоо институтун бүткөн (1951). «№ 14 Почтовый ящик» объектисинде геолог, улук инженер, башкы геолог (1951–60), Кыргыз геология башкармалыгында геологиялык текшерүү бөлүмүнүн начальниги (1960–69), Түндүк Кыргызстан геологиялык экспе­дициясында чалгындоо иштери боюнча улук гео­лог (1969–73), Кыргыз ССР геология башкармалы­гында, Кыргыз геология өндүрүштүк бирикмесинде бөлүмдүн начальниги (1973–87). Кыргызстандагы сей­рек кездешүүчү металлдардын кендерин, металл эмес кен байлыктарды издөө, геологиялык чалгындоо иштерин уюштуруу, геологиялык жактан контролдоо боюнча эмгектенген. «Ардак белгиси» ордени м-н сыйланган.