КАМАЛОВ Асан

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАМАЛОВ Асан (1929, Ка­зак ССРи, Түш. Казакстан обл., Чымкент ш. – 1989, Чүй обл., Сокулук р-ну, Кы­зыл-Туу айылы) – а. ч. өндү­рүшүнүн ишмери, Соц. Эмг. Баатыры (1971).

Москва вет. академияс ын бүт үргөн (1955). Кыргыз ССРинин Киров (азыркы Кара-Буура) р-нундагы С. М. Киров атн. колхоздун башкы зоотехниги, 1962-жылдан парт. уюмунун секретары. 1964–72-ж. Талас обл­нунун Ленинполь (азыркы Бакай-Ата) р-нун­дагы «Победа» колхозунун башкармасы болуп иштеген. Ал жетектеген колхоз ар тараптан өнүгүп, ири чарбалардын бирине айланган. 1973-жылдан Кырг-н КП Калинин райкомунун 1-секретары, 1982-жылдан Талас облаткомунун төрагасынын орун басары, 1985–89-ж. Сокулук р-нундагы «Путь коммунизма» колхозунун баш­кармасы. 1975–80-ж. Кыргыз ССР Жогорку Сове­тинин депутаты. Ленин, «Ардак Белгиси» орден­дери м-н сыйланган.