КАМАГУЭЙ
КАМАГУЭ́Й – Кубадагы шаар. Камагуэй провинциясынын адм. борбору. Атибонико д-нын
өрөөнүндө, Гаванадан түш.-чыгышта жайгашкан. Калкы 309,5 миң (2008); калкынын саны б-ча өлкөдөгү 3-шаар (Гавана, Сантьяго-де-Кубадан кийин). Эл аралык аэропорту бар. 1514-ж. Кубанын губернатору Веласкес де Куэльяр тарабынан негизделген. 1817-жылдан шаар статусуна ээ. 1903-жылдан азыркыдай аталат.
Чиркөөлөр, ак сарайлар, театрлар, бир нече ири
аянттар сакталган. Ил.-из. мекемелер (а. и. информатика ж-а технология башкармалыгы), айлана-чөйрөнү изилдөө борборлору, ун-т, китепкана, архив, край таануу музейи, сүрөт гал. бар. Шаардын ө. ж. ишканалары негизинен а. ч. продуктуларын белендөөгө адистешкен. Сүт
өндүрүү б-ча өлкөдө алдыңкы орунду ээлейт (жылына 70 млн л). Пиво ж-а суусундуктарды куюу өндүрүшү (Кубадагы эң ири), курулуш материалдар, мин. жер семирткичтер ж-а резинадан буюм жасоочу ө. ж. ишканалары иштейт.