КАЛЫК Акыев
КАЛЫК Акыев [1883, Нарын обл., Жумгал р-ну, Кулжыгач (азыркы Түгөл- Сай айылы) – 3. 11. 1953, Фрунзе] – төкмө акын, Кыргыз ССР эл арт. (1939). К. ырчы катары 18–19 жашында таанылган. Буга чейин эле ал айыл арасында элдик ырларды ырдап жүргөн.

«Жокчулук» аттуу туңгуч ырында «жалдыратып байларга жалчы кылган, бүтүн жанды кемитип жарты кылган» теңсиздик коомду, падыша бийлигинин адилетсиздигин ачык көрсөткөн. Октябрь рев-ясына чейинки кедейлердин турмушу «Жер кепеде өткөн күн», «Саламдашуу», «Чыйбылдын үйүндө» ж. б. ырларында айтылат. К-тын рев-яга чейинки ырлары мн айтыштарынын көбү убагында кагазга түшүрүлбөй калган. Анын ырчылык
өнөрүнүн жетилишине Токтогулдун таалими зор. Адегенде ал Калмырза, Эшмамбет, Жеңижок, Айдараалы өңдүү ырчылардан таалим алып, ырчылык өнөрүн өөрчүтсө, Токтогул анын талантын таптап, чындыкты таамай ырдоого, карапайым эл турмушун тартынбай айтууга багыт берген. К. улуу акын м-н бирге көп жүрүп, элдин муң-зары, кайгы-кубанычы ж-дө бирге ырдашкан. Экөөнөн «Саламдашуу», «Карымшактыкындагы ыр», «Анжыян тарабында», «Коштошуу», «Бакачы дыйкан Кебекчи» дегендей белгилүү алым-сабак айтыштар калган.
К. «Жакшы күтүп алалы», «Кытайдан кайткан туугандарга» (1918–19) сыяктуу ырларында Октябрь рев-ясынын жеңишин, Совет бийлигинин орношун билдирген. 1919-ж. ырчы Жети-Суу обл-нын туңгуч съездине делегат болуп катышып, жаңы заманды даңазалаган
«Съезддеги куттуктоо» деген ырын ырдаган. 1926-ж. К. Фрунзеде жаңы ачылган Кыргыз улуттук театрына артист болуп кирип, 1936-ж. Кыргыз мамл. филармониясына которулуп,
өмүрүнүн акырына чейин анда иштеген. Бул
жылдары К. кыргыздын эл шайырлары м-н бирге жүрүп, респ-кадагы эмгек кайнаган жерлерде болуп, социалдык жаңылыктарды көрүп, маданий ж-а коомдук турмушка белсене катышкан. Мындай жагдайлар К-тын 1930–40-жылдардагы ырларынын тематикасын мурдагыга караганда алда канча кеңейткен, маанисин дагы тереңдеткен. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде ондогон патриоттук ырларды жараткан:
«Панфилов баатырга», «Улуу жеңиш» (экөө тең 1936), «Өлбөс баатыр» (1940). «Ырлар жана поэмалар» (1940), «Ырлар жыйнагы» (1943), «Тандалган ырлар» (1958) аттуу ыр жыйнактары жарыкка чыккан. «Баскан жол» (1964) мемуардык чыгармасынын ил. ж-а эстетикалык мааниси зор. Ал Токтогулдун ырларын жый-
нап, бастырууга чоң эмгек жумшаган. К. кыргыз элинин эпикалык чыгармаларынын дээрлик бүт баарын айткан. Анын айтуусунда «Жаныш-Байыш», «Курманбек» аттуу кенже эпостор жарык көрдү (1970). Андан «Карагул ботом», «Карач дөө», «Ак Мөөр», «Өмүр жана Болот», «Бир асыл» аттуу дастандар жазылып алынган. Ысмы туулуп-өскөн айылындагы мектепке, Бишкек ш-ндагы К. Акыев атн. көчөгө эстелиги тургузулду. Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери м-н сыйланган.
Ад.: Кебекова Б. Кыргыз эл ырчылары. Б., 1994;
Обозканов А. Калык Акы уулунун көп кырдуу өнөрканасы. Б., 2000; Төкмөлүктүн башаты – калыптануу
жана синкреттүү табияты. Б., 2006.
А. Обозканов.