КАЛМАКТАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:35, 15 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛМАКТАР (өздөрүн к а л ь м г дешет) – Калмак Республикасынын жергиликтүү калкы. Россия (Астра­хан, Волгоград, Ростов, Оренбург, Ставропол, Сибир), Украина жана Кыргызстанда (ысык-көлдүк калмактар 6 миңдей), ошондой эле Аиерика Кошмо Штаттары Франция, Швейца­рия, Германия, Орто Азияда да жашашат. Жал­пы саны 200 миңдей, анын ичинде 155 миңи Калмак­станда (2002). Калмак жана орус тилдеринде сүй­лөшөт. Динге ишенгендери негизинен буддизм (ламаизм), аз бөлүгү православие динин тутушат. Калмактардын байыр­кы ата-бабалары – батыш моңгол-ой­роттор, саясий би­рикмеге кирген дун-ху, сянби, жу­жан, кидандар. XII кылымга чейин Байкал өндүрү жана Енисей аймактарын мекендешип, кийин батышты көздөй жылышкан. XIV к­ылымдын аягынан өзүн­чө феодалдык мам­лекетке – «дервен ордосуна» бири­гишкен.

Ойроттор XVI кылымдын аягы – XVII кылымдын 40-жылдарында Россия чегинде калмак эли бо­луп калыптанган. 1657-жылы В. Шуйскийдин ма­кулдугу менен Калмактар (дербет, торгут, хошеут, хойт жана чоростор) Россиянын курамына өткөн. 1664–1771-жылдары Калмак хандыгы өкүм сүргөн. 1771-жылы Калмак хандыгы жоюлуп, анын аймагында Аст­рахан губерниясы түзүлгөн. 1920-жылы Калмак автономиялык облусу түзүлүп, 1935-жылы Калмак Советтик социалисттик автономиялык республикасы болгон. 1994-жылдан Калмак Республикасы деп аталган. Калмактар. мал-чарбачылык, дыйканчылык, балык уулоочулук менен кесиптенип, көчмөн турмушка ылайыкташ­кан, боз үй сымал салынган үй жана төрт дөң­гөлөктүү араба-боз үйлөрдө жашашкан. XIX кылымдын башында калмак кыштагы пайда болуп, заман­бап турак жайлар курулган. Эркектер көйнөк-­шым, узун этектүү чепкен, булгаары өтүк, май­рам күндөрү кызыл жибек баш кийим кийип, белине асемделген кур курчанган. Сол кулагы­на сөйкө, колуна шакек, билерик тагынып, бир өрүм чач өстүргөн. Аялдары узун, жеңсиз ти­гилген көйнөк, жеңи узун кофта, шым, өтүк кийип, кооздуктарды тагынышкан. Чачтарын узун өстүрүп, кыздар бир, аялдар 2 өрүм кылып өрүшкөн. Тамак-ашы негизинен – эт (ыштал­ган эт), сүт (айран, кымыз, май, курут, быштак жана башкалар), дан азыктарынан даярдалат. Калмактардын баатырдык эпосу – «Жангар». Улуттук майра­мы – Цагалган, Үрүс Сар.