КАЛМАК-КЫРЧЫН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:59, 13 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛМАК-КЫРЧЫН – Жалал-Абад облусунун Су­зак районундагы кыштак. Курманбек атындагы айыл округуна караштуу. Көгарт суусунун оң өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 1550 м бийикте жайгашкан. Район­дун борбору Сузак кыштагынан 67 км түндүк-чыгыш тарапта. Багыш темир жол бекетинен 40 км. Калкы 1340 (2007); негизинен аарычылыкта эмгек­тенип, мал м-н алектенет. Орто мектеп, ки­тепкана, ФАП, Курманбек баатырдын күмбөзү бар.