КАЛМАК-АШУУ (ашуу)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛМАК-АШУУ – Күнгөй Ала-Тоонун батыш бөлүгүндөгү ашуу. Бийикт. 3250 м. Түш. бети бир кыйла тик, батышы жантайыңкы. Тоо кыр­ларынын ашуудан салыштырмалуу бийикт. 250–300 м. Протерозойдун метаморфизмделген тоо тектеринен турат, палеозойдун граниттери да бар. Ашуу июнь – октябрь айларында ачык.
Белде майда шагыл, беттерде кумай кездешет.
Чоң Кемин м-н Ысык-Көл ойдуңдарын байла­ныштырган чукул жол өтөт.