КАЛЛИГРАФИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:08, 15 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛЛИГРА́ФИЯ (грекче kalligraphia – сулуу кол жазма, kalljs – сулуулук жана ...графия) – даана жана сулуу жазуу өнөрү. Каллиграфия арип жана жазуу ку­ралдарынын тарыхы, өнөрдүн стилистикалык эволюциясы менен байланыштуу. Китеп басуу ишинин жана машинкага, кийин компьютерге жазуунун өнүгүшү менен каллиграфиянын колдонулушу кес­кин азайып, ал негизинен башталгыч класс­тарда гана өзүнчө сабак («таза жазуу») катары окутулат. Каллиграфия. китеп көркөмдөө, плакат жасоо, графика жана башка тармактарда колдонулат.