КАЛКТЫН ТАБИГЫЙ ӨСҮШҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:12, 13 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛКТЫН ТАБИГЫЙ ӨСҮШҮ – белгилүү мөөнөттө төрөлгөндөр м-н өлгөндөрдүн ортосун­дагы сандык айырма. Калктын ургаалдуу өсүшүнүн жалпы мүнөздөмөсү; ал 1000 кишиге карата табигый өсүү коэффициенти м-н эсептелет. Ев­ропада ал 0,1‰, Африкада 2,8‰ ж. б. Эң көп көрсөткүч Оманга (3,9‰), ал эми эң азы Латвия (–1,6‰) м-н Эстонияга (–1,4‰) таандык. Калк­тын ротациясы анын жаңыланып турушунун ылдамдыгын мүнөздөйт. Ал интегралдык көр­сөткүч болгондуктан, төрөлгөндөр м-н өлгөндөр­дүн жалпы коэффициенттерин суммалоодон алынат. Ал бүгүнкү күндө дүйнө боюнча 3,2‰ге барабар. Мындан тышкары калктын табигый өсүшүнө тиричилик коэффициенти (өлгөн 100 адамга карата төрөлгөндөрдүн са­ны), аялзат калкынын жаңыланып туруусу­нун коэффициенти – брутто (бир аялдан төрөлгөн кыз балдардын саны) ж-а нетто (бир аялдан төрөлгөн кыз балдардын энесинин орто жашы­на жетип калгандарынын саны) кирет. Эгерде нетто 1ден кичине болсо, калктын санынын азайышы байкалат. Кыргызстанда калктын табигый өсүшү 47‰ге (2008) барабар.