КАЛКТЫН ТАБИГЫЙ ӨСҮШҮ
КАЛКТЫН ТАБИГЫЙ ӨСҮШҮ – белгилүү мөөнөттө төрөлгөндөр м-н өлгөндөрдүн ортосундагы сандык айырма. Калктын ургаалдуу өсүшүнүн жалпы мүнөздөмөсү; ал 1000 кишиге карата табигый өсүү коэфф. м-н эсептелет. Европада ал 0,1‰, Африкада 2,8‰ ж. б. Эң көп көрсөткүч Оманга (3,9‰), ал эми эң азы Латвия (–1,6‰) м-н Эстонияга (–1,4‰) таандык. Калктын ротациясы анын жаңыланып турушунун ылдамдыгын мүнөздөйт. Ал интегралдык көрсөткүч болгондуктан, төрөлгөндөр м-н өлгөндөрдүн жалпы коэфф-терин суммалоодон алынат. Ал бүгүнкү күндө дүйнө б-ча 3,2‰ге барабар. Мындан тышкары К. т. ө-нө тиричилик коэфф. (өлгөн 100 адамга карата төрөлгөндөрдүн саны), аялзат калкынын жаңыланып туруусунун коэфф-и – Брутто (бир аялдан төрөлгөн кыз бал дардын с аны) ж-а Нет т о (би р аялдан төрөлгөн кыз балдардын энесинин орто жашына жетип калгандарынын саны) кирет. Эгерде Нетто 1ден кичине болсо, калктын санынын азайышы байкалат. Кырг-нда К. т. ө. 47‰ге (2008) барабар.