КАЛИНИН (Ат-Башы районундагы кыштак)
КАЛИ́НИН – Нарын обл-нун Ат-Башы р-нундагы кыштак. Ак-Талаа айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 2190 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Ат-Башы кыш-нан 20 км түш.-батыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 245 км. Калкы 2855 (2007); негизинен мал багат. Орто мектеп, китепкана, клуб, ФАП бар.