КАЛЕСАЙ (КӨӨЛҮҮ-САЙ) БЕРИЛЛИЙ КЕНИ
КАЛЕСАЙ (КӨӨЛҮҮ-САЙ) БЕРИ́ЛЛИЙ КЕНИ Чүй облусунун Кемин районунда. Кемин темир жол бекетинен 43 км түндүк-чыгышта, Куутессай II кенинин карьеринин түштүк-чыгышында, Ак-Түз кыштагынан 1,8 км батышта, деңиз деңгээлинен 2600 м бийикте жайгашкан. 1959–68-жылдарда чалгындалып, запасы эсептелген. Кен ядросу протерозойдогу гнейстүү ак-түз свитасындагы ак-түз антиклиналында жайгашкан. Анын протерозойдогу көпүрө-сай свитасынын амфиболдуу сланецтерден түзүлгөн канаттарына Түндүк ж-а Түштүк деп аталган эки кенташтуу аймак туура келет. Бериллий минералдашуусу талаа шпаты-флюоритфенакиттин өтө жука (ммден 2,5 смге чейин) тарамдары м-н байланышкан. Сланецтеги тарамдар чогулуп, штокверкти түзөт. Түндүк штокверк аймагында 253 кенташ тарамы бар, штокверктин калыңдыгы 200 м, узундугу 800 м. Түштүк штокверктин калыңдыгы 200 м, узундугу 1600 м, анда 700 кенташ тарамы бар экендиги аныкталган. Негизги минералы – фенакит, андан башка гетгельвин, гельбертрандит, бавенит, баверит, берилл, миларит минералдары кездешет. Бериллий кычкылынын орточо өлчөмү – 0,127%, запасы С1 категориясы боюнча 10170 т , С2 – 1531 т .