КАЛЕДОН БҮКТӨЛҮШҮ
КАЛЕДО́Н БҮКТӨЛҮШҮ (Caledonia – Шотландиянын лат. аты) – жер кыртышынын палеозой заманында (кембрий, ордовик, силур, кээде девон мезгилдеринде) пайда болгон бүктөлүүлөрү. Тоо пайда болуу, граниттешүү процесстери жүргөн. Терминди илимге биринчи жолу фр. геолог М. Бертран киргизген (1887). Каледониддерге Европа (Ирландия, Шотландия, Уэльс, Түн. Англия, Скандинавия ж. а-нын түн.-батыш тарабы, Шпицберген а.), Азия (Борб. Казакстандын батыш бөлүгү, Түн. Теңир-Тоо, Батыш Саян, Тоолуу Алтай, Моңгол Алтайы, Кытайдын түш.-чыгышы), о. эле Чыгыш Австралия (Тасмания а. м-н бирге), түн. ж-а чыгыш Гренландия, Түн. Аппалач тоолору кирет. Урал,
Жогорку Яна – Чукотка (түн.-чыгышы), Чыгыш Аляска, Борб. ж-а Түн. Анд ж. б. жерлерде кездешет. К. б. айрым жаш тоолор орун алган аймактарда да бар. К. б-нүн фазалары болуп, алгачкы каледон (алгачкы кембрий), салаир (ортоңку кембрийден акыркы кембрийдин аягына чейин), такон (акыркы ордовиктен силурдун башталышына чейин), акыркы каледон (силурдун аягынан девондун башталышына
чейин), оркад (девондун орто ченинде) фазалары саналат. Алгачкы каледондо бүктөлүү цикли күчтүү жүрүп, чопо-сланецтүү (аспид), граувактуу, кээде флиштүү, карбонаттуу, спилит-кератофирлүү, диабаздуу катмарлар пайда болгон. Айрым жерлерге гипербазиттер тараган. Акыркы каледондо тоо пайда болуу процесси жүрүп, тоо арасындагы ойдуңдарга кызыл түстүү континенттик чөкмөлөр (моласстар) чөккөн. Эффузивдер м-н туфтардын калың катмарлары орун алган. Айрым аймактарда геосинклиналдуу
өнүгүү процесси толук аягына чыкпай калган.
Четки ойдуңдар болбойт. Калийлүү граниттер аз кездешет. Ошентип К. б. кийинки бүктөлүүлөрдөн кескин айырмаланат. Кырг-нда Түн. Теңир-Тоо К. б-нөн көтөрүлгөн. Көпчүлүк кен байлыктар К. б. м-н тыгыз байланышкан.
Ад.: Пронин А. А. Каледонский цикл тектонической истории Земли. Л., 1969; Фёдоровский В. С. и др. Тектоника, Метаморфизм и магматизм коллизионных зон каледонид Центральной Азии // Геотектоника. 1995. ¹3.
А. Бакиров.