ИРАВАДИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:27, 8 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИРАВА́ДИ , И р р а в а д и – Мьянмадагы суусу мол дарыя (башаты Кытайда). Узундугу 2150 км, ала­бынын аянты 430 миң км2. Гималай тоолору­нун чыгыш тармактарынан башталып, түштүктө Шань тайпак тоосун кесип өтүп, Иравади түздүгү аркылуу агат. Андаман деңизине куярда дель­таны (аянты 30 миң км2дей) пайда кылат. Не­гизги куймасы – Чиндуин (оң). Орточо чыгымы 13–14 миң м3/сек, режими муссондук, жайын­да кирет (айрым жерлерде суунун деңгээли 8– 11 мге чейин көтөрүлөт). Алаамат суу каптоо болуп турат. Төмөнкү агымында деңиз ташкы­нынын таасиринен толкундун бийиктиги 4–4,5 мге жетет. Чатынан 1100 км аралыкка кеме жүрөт. Сугатка пайдаланылат; жогорку агымында сал агызылат. Боюнда Мандалай шаары, дельтасында Янгон (мурдагы Рангун) деңиз порту жайгашкан.