ИПОТЕКА
ИПОТЕ́КА (гр. hypothe′ke – күрөө) – 1) күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлк. Ссуданы камсыздоочу күрөө кредиторго берилбейт‚ колунда калат; күрөөгө коюлган мүлк ипотека китебине катталып‚ пайдаланууга тыюу салынат; 2) кыймылсыз мүлктүн күрөөгө коюлганын тастыктаган күбөлүк.