ИОНОСФЕРА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:54, 8 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИОНОСФЕ́РА (иондор ж-а sphaira – шар) – Жер атмосферасынын 75 кмден 1000 кмге чейинки ион­дошкон калың катмары. Ионосферанын бар экендиги жөнүндөгү ойду англиялык физик Б. Стюарт 1882-жылы ал­гачкылардан болуп сунуштаган. Ионосферада Күндүн ультра кызгылт көк ж-а корпускулалык нурла­ры, ошондой эле космос нурлары газ молекулаларын кескин ажыратып, иондорду ж-а электрондор­ду пайда кылат. Алар Күн нурун өзүнө сиңи­рип алгандыктан, бийиктеген сайын ионосферада температу­ра жогорулап, 800–1000°Сге жетет. Ионосферанын өткөрүмдүүлүгү жогору болгондуктан, радиотолкун­дарды бүткүл диапазондо, кыскасынан узунуна чейин чагылтат ж-а алыскы байланышты тү­зүүнү камсыз кылат.