ИОНОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:50, 8 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИО́НОВ Ростислав Николаевич (1929-жылы туулган, Рос­сия, Краснодар крайы, Отрадное станицасы) – биология илимдеринин доктору (1991). КАЧИни бү­түргөн (1952). 1952-жылдан Кыргыз ССР ИАнын биология институтунда кенже, улук илимий кызматкер, 1998-жылдан КР УИАнын биология-топурак таануу институтунда директордун орун басары, фи­тоценология ж-а экология лабораториясынын жетек­чиси, 2005-жылдан ошол лабораториянын улук илимий кызматкери. Ботаника, биология, экология, гено­ж-а ценофондордун ар түрдүүлүгүн коргоо боюнча адис. Эмгектери Теңир-Тоонун ж-а Алай­дын табигый экосистемасын изилдөөгө арнал­ган. 100дөн ашык илимий эмгеги, анын ичинде 8 моногра­фиясы, 1 ойлоп табуусу бар.

Эмг.: Сезонная динамика степных, лугостепных и луговых сообществ северного макросклона Киргиз­ского хребета (в соавторстве). Ф., 1973; Высокотравие луга северного макросклона Киргизского хребета. Б., 1991; Растения-индикаторы. Б., 2003.