ИНЦЕСТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:23, 5 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНЦЕ́СТ (лат. incestum – кан аралашуу) – жа­кын туугандардын ортосундагы жыныстык бай­ланыш. Ал алгачкы коомдун баштапкы мезгил­дерине мүнөздүү болгон, урук-уруу пайда бол­гон мезгилде экзогамия аркылуу жоюлган. Инцест жаңы муундун начарлашына, тукумдун бузу­лушуна алып келген. Ошондуктан, ага тыюу салуу адам маданиятынын калыптануусунда зор роль ойногон.