ИНФАРКТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:42, 2 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНФА́РКТ (лат. intfarctus – шыкалган) – орган же ткандын артериялык кан жетпей калган бөлүгүнүн некрозго чалдыгуусу. Тромбоз, эмбо­лия же ошол тканды азыктандыруучу артерия­нын тарышы, шишик басып калышы инфарктын түздөн-түз себеби болуп эсептелет; инфарктта ткан­дардын өзгөрүүсүнө гипоксиянын да таасири чоң. Инфаркттын ишемиялык, геморрагиялык ж. б. түрлө­рү бар. Ишемиялык инфарктта некроз болгон жерге кан жетпей калса, геморрагиялык инфарктта ал жер­ге кан ашыкча толот. Ишемиялык инфаркт жүрөк, бөйрөк, көк боордо, ал эми геморрагиялык инфаркт өпкө, ичегиде болот. Инфаркт кургак (миокарддын инфаркты) же нымдуу (мээнин инфаркты) болушу мүмкүн. Анда органдар абдан өзгөрөт: өлүк масса чогу­луп, киста (мисалы, мээде) же тырык (мисалы, жүрөк булчуңунда) пайда болот. Алдын алууда ага се­беп болуучу оорулардан сактануу керек.