ИНТУИЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:17, 2 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНТУИ́ЦИЯ (лат. intuitus – көз караш, көрүү, тигиле кароо) – көрө билүү, көз салуу, байкоо жүргүзүү, ошондой эле шыктануучулук, көңүл эргүү сыяктуу рухий көрө билүүчүлүк, тажрыйбага негизделбеген ой жүгүртүү аркылуу түшүнүү; көзү ачылуу, олуялык кылуу, аян берүү. Илимий адабиятта интуиция деп акыйкатка алдын ала логикалык ой жүгүртпөй же далилдеп олтурбай эле тикеден тике жетүү мүмкүнчүлүгү же жөндөмү. 20-кылымга чейинки философияда интуиция таануунун өзгөчө фор­масы катары каралып келген. Азыркы батыш философиясында ж-а психологиясында интуиция тур­муштагы практика ж-а логика м-н сыйышпаганын билүү мистикалык жөндөмдүүлүк ката­ры каралат. Марксисттик философиянын чегин­де интуиция таануунун белгилүү бир элементи катары каралат. Илитмий таануунун процесстери, ошондой эле дүй­нөнү өздөштүрүүнүн ар түрдүү формалары дайыма эле логиканын ж-а фактылардын негизинде далилденбейт. Көп учурда адам татаал кырдаал­ды ойлоо аркылуу деле билет. Мисалы, согуш учу­рундагы салгылаштарды, оорулуунун диагнозун, кылмышкердин күнөөлүү же күнөөсүз экенди­гин логиканын татаал формаларын пайдалан­бастан эле, дароо аныктоого болот. Ошондук­тан логика м-н илимдин күчү жетпеген татаал ж-а белгисиз нерселерди билүүдө интуициянын ролу зор. Интуицияны акылга сыйбаган же акылдан ашып түшкөн нерсе деп эсептөөгө болбойт.