ИНТРОСПЕКЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:06, 2 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНТРОСПЕ́КЦИЯ (лат. introspecto – ич жагы­на кароо) – өзүнө-өзү байкоо жүргүзүү, адамдын өзүнүн турмушун тескеген мыйзам ченемдүүлүк­төрдү аныктоо максатында ички дүйнөсүнө ж-а аң-сезимдүү психикалык турмуш-тиричилиги­не байкоо жүргүзүүсү. 19-кылымдын 2-жарымында интроспекция психологиядагы башкы методдордон болуп калды. Интроспекциялык психологияда интроспекция ме­тодунун бир катар варианттары: 1) сабыркоо­жабыгууларды андан ары бөлүнбөс (майдалан­бас) «элементтерге» чейин муунактап бөлүүнү талап кылган аналитикалык интроспекция ; 2) өзүнө-өзү респроспекциялык эсеп берген ыкманы пайда­лануу м-н ойлоонун жүрүшүнүн баскычтарын байкоого алууга багытталган системалуу интроспекциялоо; 3) гештальтпсихологиядагы өзү байкоо жүргү­зүүчү феноменологиялык метод. Ошондой эле бул вариант ба­яндап жазма психологияда, гуманисттик пси­хологияда ж. б. да колдонулуп келген. Мын­дай көз караштар классикалык интроспекция деген ата­лышка ээ болуу м-н кийинки ойчулдар тарабы­нан четке кагылып, мурдагыдай популярдуулу­гун жоготкон. 20-кылымдын 20-жылдарындагы ин­троспекция окуусундагы карама-каршылыктар бир катар илимий жаңылыштыктар ж-а бурмалоо­лор м-н коштолгон. Ал эми 1940-жылы аң-сезим­дин маанисин четке каккан бихевиоризм окуу­су тарабынан «интроспекция» термини илимий психологиядан сүрүлүп чыккан да, пайдаланылбай калган.