ИНТРОЕКЦИЯ
ИНТРОЕ́КЦИЯ (лат. intro – ички ж-а jacio – таштоо, коюу) – 1) тааным теориясында кабылдоочу объекттердин турпатын индивиддин аң-сезимине киргизе берүүнүн жарабастыгы жөнүндөгү түшүнүк. Швейцариялык түшүнүк Р. Авенариус тарабынан колдонулган; 2) (психологияда) индивиддин башка адамдардын көз караштарын, умтулууларын, шылтоолорун, жоболорун аңдабастан, сын көз м-н карабастан, өзүнүн ички дүйнөсүнө кабыл ала бериши. Интроекция инсандын коргонуу, сактануу ж-а актануу механизми катары каралат. Балалыкта өтүп жаткан интроекцияда ата-эненин көз караштары баланын өз айыбын ж-а жоопкерчилигин, парзын, уяттуулукту сезүүсүнүн ж. б. жактарынын калыптанышында маанилүү ролду ойнойт.