ИНТЕРПРЕТАЦИЯ
ИНТЕРПРЕТА́ЦИЯ (лат. interpretatio – чечмелөө, түшүндүрүү) – математикалык логикада, философияда ж-а илимдин методологиясында кандайдыр бир теориядагы элементтерге (формулаларга, символдорго, сүйлөмдөргө ж. б.) берилген маани-маңыздардын, чечмелөөлөрдүн ж-а түшүндүрүүлөрдүн жыйындысы; герменевтикада интерпретация деп тексттерди чечмелөө, алардын маани-маңызын аныктоо же калыбына келтирүү түшүндүрүлөт. Диний ыйык китептерге, ошондой эле байыркы грек философторунун чыгармаларына баяндама, түшүндүрмө берүүнүн доору болуп саналган орто кылымдарда интерпретациялоо өнөрү калыптанган ж-а өнүккөн. 20-кылымдын экинчи жарымынан тартып герменевтика теориясына интерпретацияга карата структуралык-семиотикалык жоболор каршы чыккан. Эгер герменевтика текстти реалдуу же потенциалдуу окурманга карата маалымат катары интерпретацияласа, структурализм текстти андагы маани-маңыздык элементтердин структуралык шайкештигин анализге тартуунун негизинде интерпретациялайт. Интерпретацияга карата герменевтикалык ж-а структуралисттик жоболорду бириктирүүгө карата аракеттер Рикер тарабынан жасалган. Рикердин пикири боюнча тексттин маани-маңызын анын структурасын анализдебей туруп түшүнүү мүмкүн эмес, ошол эле учурда герменевтикалык түшүндүрмөсүз структуралык анализ жүргүзүүгө болбойт.