ИНТЕРПРЕТАТОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:36, 1 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНТЕРПРЕТА́ТОР – ар бир операторду ирети м-н удаалаш которгуч, башкача айтканда интерпретатор оператордун ко­дун окуп, аны бир нече машина буйругуна ко­торуучу ж-а кийинки буйрукка өтүүдөн мурда которулган машина буйруктарын аткаруучу про­грамма. Компилер программасы болсо програм­маны толугу м-н бир учурда которот. Интер­претаторлоо процессинде объекттүү модуль (про­грамма) түзүлбөйт. Интерпретатордун артыкчылыгы – ката табылар замат кабарлайт ж-а кийинки оператор­го өтүүдөн мурда катаны оңдоого программачы­га мүмкүндүк берет. Интерпретатордун ыңгайсыздыгы, анын которгон программасы компилер түзгөн програм­мага караганда жай аткарылат, себеби аткаруу­дан мурда программа машина тилине котору­лат. Көпчүлүк программа тилинин которгучта­ры интерпретаторду да, компилерди да камтыйт.