ИНТЕРНАЛИЗМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:39, 1 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНТЕРНАЛИ́ЗМ (лат. internus – ички) – социо­логияда, педагогикада ж-а культурологияда индивид же адамдар тобу тарабынан коомдук баалуулуктарды, нормаларды, жоболорду, сте­реотиптерди өздөштүрүү процессин белгилөө үчүн пайдаланылган түшүнүк. Индивидге же адам­дар тобунан сырткары жашаган нормалар ж-а эрежелер интернализациялоонун жардамы ар­касында жүрүм-турумдун ички жөнгө салгыч­тарына (регуляторлоруна) айланышат. Интер­нализациялоонун механизмдери өтө татаал ж-а азырынча алар толук тастыктала элек. Ошондой болсо да аталган механизмдерди илимий изилдөөгө тартуу аркылуу тарбия иштерин бир кыйла оптималдаштырууга болот.