«ИНТЕРГЛАСС»
«ИНТЕРГЛА́СС» – жоопкерчилиги чектелген коом (2000). Кыргыз ССРинин өнөр жай-курулуш материалдары министрлигинин токтому м-н 1966-жылы Токмок шаарында айнек заводунун курулушу башталган. Заводд Ленинграддагы «Гипростекло» институтунун долбоору боюнча курулган. 1972-жылы заводдун цехтери ишке киргизилип, алгачкы такта айнек чыгарылган. 1995-жылы завод «Айнек» МАК деп аталган. 1999-жылы ал расмий түрдө кудуретсиз деп табылып, «Steinert lndustries» немис компаниясы сатып алган. Ишкананын аймагында 15 өндүрүштүк корпус иштейт. 2000–02-жылдарда ишкана жаңы техникалар м-н жабдылып, негизги фондулары жаңыртылган, натыйжада жогорку көрсөткүчтөргө жетишүүгө ж-а дүйнөлүк стандарттагы сапаттуу продукция чыгарууга өбөлгө түзүлдү. Заводдон өнөр жай ишканалары, курулуш объекттери үчүн терезе, витрина айнектери, күзгүлөр, ошондой эле идиштер, жасалга-көркөм буюмдар ж. б. чыгарылат. Ишканада 1500 мыкты адис эмгектенет (2008). Кыргызстандан тышкары Борбордук Азия өлкөлөрүн ж-а Сибирдин шаарларын такта, айнек м-н камсыз кылат.