ИНТЕРАКЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:38, 29 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНТЕРА́КЦИЯ (анг. interaction, лат. inter – аралык, activus – ишкер) – социалдык психо­логияда ж-а культурологияда адамдардын өз ара алакасын, алардын бири-бирине өз ара таасир көрсөтүүсүн же топтордун бири-бирине тийгиз­ген таасирин үзгүлтүксүз диалог катары чагыл­дырган термин. Ж. Миддин социалдык психо­логиясында интеракция инсандар аралык «символ алма­шуу» түрүндө тике коммуникация катары түшүндүрүлөт. Мындай пикир алмашуунун маанилүү өзгөчөлүгү – адамдын өзүн башкалар­дын ордуна коё билүү, башка адамдын сезим­ туюмдарын түшүнө билүү жөндөмдүүлүгү эсеп­телет.