ИНТЕЛЛЕКТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:14, 22 Август (Баш оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНТЕЛЛЕ́КТ (лат. intellectus – акыл, эс) – акыл, ой жүгүртүүгө болгон жөндөмдүүлүк, се­зим органдары тарабынан кабыл алынган нер­селерди билимге айландырган же мурдагы би­лимди сынга алган ж-а анализдеген акыл-эс­тин функциялары (салыштыруу, абстракция, түшүнүктөрдү, пикирлерди, ой бүтүмдөрүн ж. б. пайда кылуу). О. кылымдарда эле эрк интел­лектке баш ийеби же тескерисинче И. эрк тара­бынан башкарылабы деген курч талаш маселе коюлган. Биринчи көз карашты Фома Аквин­ский, экинчисин Дунс Скот ж-а Уильям Оккам ж. б. англ. ойчулдар жакташкан. Интеллект да, эрк да объективдүү жагдайлардан көз ка­ранды, ал эми И. рухий чөйрөнүн курамына кирүү м-н психикалык чөйрөнүн элементи бо­луп эсептелген эрктен бир кыйла жогору турат деген түшүнүмдөр үстөмдүк кылат.