ИНТЕГРАЦИЯ (саясатта)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:13, 28 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНТЕГРА́ЦИЯ с а я с и й– кандайдыр бир бөлүктү ж-а элементтерди бир бүтүнгө бирик­тирүү; коомдук, мамлекеттик структуралардын мамлекеттин чегинде же андан кеңирээк мамлекет­тер аралык биримдикке кошулуусу. Мамлекет­тер аралык интеграция улуттук саясий органдардын эге­мендик укуктарынын бөлүктөрү берилген бий­ликтин жаңы ин-ттарын түзүү жолу м-н ишке ашырылат. Интеграция элдер м-н мамлекеттердин өз ара байланышынын өсүшү илимий-техникалык про­гресс м-н тездетилген бардык коомдук турмуш­ту интернационалдаштыруунун негизинде өнү­гөт. Интеграциянын катышуучулары – бийликти ишке ашыруу ж-а коомдук башкаруу м-н байланыш­кан, белгилүү саясий функцияларга ээ уюмдар, топтор. Аларга атайын түзүлгөн трансулуттук институттар сыяктуу эле, улуттук-мамлекеттик институттар (өл­көлөрдүн мамлекеттик механизмдеринин бөлүгү, пар­тиялар, профсоюздар, ишкерлер союзу ж. б.) да кирет. Саясий ишмердүүлүктүн субъекттери­нин интеграциясынан башка, чарбалык-саясий, социал­дык-саясий, административдик-саясий, аскердик-саясий ж-а тышкы саясий ишмердүүлүктүн чөйрөлөрүндө алар иш жүзүнө ашырган саясий функция­лардын кошулушу жүргүзүлөт. Интеграция процесси 20-кылымдын 50-жылдарында түзүлгөн европалык коомчу­луктардын (ЕОУС, ЕЭС ж-а Евратом) базасында Батыш Европада алдыга жылган. Коомчулук­тардын катышуучулары – өлкөлөрдүн экономи­касын активдүү трансулутташтыруу алардын башкаруу механизмдеринин өзгөчөлүктөрүнө алып келет, коомдук мамилелердин мүнөзүнө ж-а структурасына, коомдук идеологияга, калк­тын жашоосуна таасир тийгизет.