ИНСТИТУТ
ИНСТИТУ́Т (лат. institutum – белгилөө, түзүү) – 1) коомдун белгилүү чөйрөсүн камтыган укук нормаларынын (мисалы, нике ж-а үй-бүлө институту ж. б.) жыйындысы; 2) ЖОЖдордyн кеңири тараган аталышы; 3) илимий-изилдөө мекемелеринин ж-а долбоорлоо уюмдарынын аталышы; 4) адистикти жогорулатуудагы окуу-методикалык мекеме (мисалы, медицина кызматкерлеринин борборлору, мугалимдердин ж. б. билимин өркүндөтүү институттары).