ИНКРУСТАЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:26, 27 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНКРУСТА́ЦИЯ (лат. incrustatio – кабык, кат­мар м-н жабам, мрамор чаптайм) – буюмдарды оймолоо ж-а мрамор, карапа, металл, жыгач ж. б-дын майда бөлүктөрү м-н нерсенин бетине сүрөт чөгөрүп түшүрүү. Инкрустациянын жыгачты жыгач­ка, металлды металлга, ташты ташка чөгөрүп, сүрөт түшүргөн түрлөрү да болот. Бирок инкрустация көп учурда кооздолчу нерсенин өзүнөн башка мате­риалдан жасалат. Байыркы Чыгыштын, анти­калык доордун скульптураларында статуя м-н бюсттун көздөрү инкрустация м-н өзгөчөлөнүп турган. Азыр курулушта карапа күкүмү м-н бетон ду­балдардын бетин кооздоо да инкрустация деп аталат.