ИНКРУСТАЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:14, 22 Август (Баш оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНКРУСТА́ЦИЯ (лат. incrustatio – кабык, кат­мар м-н жабам, мрамор чаптайм) – буюмдарды оймолоо ж-а мрамор, карапа, металл, жыгач ж. б-дын майда бөлүктөрү м-н нерсенин бетине сүрөт чөгөрүп түшүрүү. И-нын жыгачты жыгач­ка, металлды металлга, ташты ташка чөгөрүп, сүрөт түшүргөн түрлөрү да болот. Бирок И. көп учурда кооздолчу нерсенин өзүнөн башка мате­риалдан жасалат. Байыркы Чыгыштын, анти­калык доордун скульптураларында статуя м-н бюсттун көздөрү И. м-н өзгөчөлөнүп турган. Азыр курулушта карапа күкүмү м-н бетон ду­балдардын бетин кооздоо да И. деп аталат.