ИНЖИЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:54, 27 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНЖИЛ , Е в а н г е л и я (гр. euanqelion – жакшы кабар) – Библиянын бир бөлүгү; Кудай­дан Ыйса пайгамбарга түшүрүлгөн ыйык жазуу. Иисус Христостун «жердеги өмүрү» ж-а христиан дининин башкы жоболору баяндалган диний чыгарма. Канондук инжил (Марктын, Матвейдин, Лу­канын, Иоанндын инжили, чиркөө аларды «Жаңы осуяттын» курамына киргизген) ж-а апокриф­тик инжил болуп бөлүнөт. Инжилдин авторлору деп апос­толдорду же алардын окуучуларын эсептейт. Ай­рым маалыматтарга караганда инжил 1-кылымдын аягы – 2-кылымдын башында жазылган деп болжолдонот.