ИНЕРЦИЯ ЗАКОНУ
ИНЕ́РЦИЯ ЗАКОНУ – механиканын негизги закондорунун бири. Нерсеге сырттан күч таасир этпесе же аракет эткен күчтөр өз ара тең чоңдукта болсо, анда ал өзүнүн тынч абалын же бир калыптагы түз сызыктуу кыймылын сактайт. Механиканын бул закону инерция закону же Ньютондун 1-закону деп аталат, к. Ньютон закондору.