ИНЕРТТҮҮ ГАЗДАР
ИНЕРТТҮҮ ГАЗДАР , а с ы л г а з д а р, с е й р е к газдар – элементтердин мезгилдик системасынын VIII тобундагы химиялык элементтер: гелий (Не), неон (Ne), аргон (Ar), криптон (Kr), ксенон (Xe), радон (Rn). Булардын ичинен Rn радиоактивдүү, туруктуу изотобу жок, Не жаратылышта ар кандай ядролук процесстердин (ядролук ажыроо) натыйжасында пайда болот. Инерттүү газдар абада, сууда, кээ бир тоо тектердин курамында кезигет. Алар атомдорунун электрондук катмарлары толук толгондуктан, молекулалары бир атомдон турат ж-а алардын инерттүүлүгү ошого байланыштуу. Ушуга жараша алар кыйындык м-н суюк абалга өтөт, суюлуу температурасы атмосфералык массанын өсүшү м-н жогорулайт. Катуу абалда кубдук кристаллдык торчону пайда кылат. Инерттүү газдар бардыгы диамагниттүү болушат. Сууда аз, органикалык эриткичтерде дурусураак эришет да, атмосфералык масса чоңойгон сайын эригичтиги көбөйөт. Бардык инерттүү газдар (гелийден башкасы) суу ж-а органикалык эриткичтер м-н туруксуз клатраттык бирикмелерди пайда кылышат. Химиялык бирикмелерди пайда кылуу жөндөмдүүлүгү: Xe→ Kr→Ar иретте азайып отурат (Rn радиоактивдүүлүгү жогору болгондуктан, катарга кирген жок). Инерттүү газдар азот м-н кычкылтекти алууда кошумча продуктулар катары абадан алынат. Алар инерттүү чөйрө катары металлургияда, атомдук ж-а ракеталык техникада, жарым өткөргүчтөрдү алууда ж. б. колдонулат.